АКСЫ ОКУЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (→‎top: категория кошуу)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''АКСЫ ОКУЯСЫ''' ‒ Жалал-Абад облусунун Аксы аймагынын калкынын бийликке карата саясий нааразылык билдирүү акциясы. Бул окуяга КР ЖКнын депутаты Азимбек Бекназаровдун бийликтин саясатына, айрыкча, чек ара (Үзөӊгү-Кууш) маселеси боюнча нааразычылыгынын негизинде мыйзамсыз камалышы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> соттолушу шылтоо болгон. Аксы жергесинде аны коргоо комитети түзүлүп, айыл-кыштактарда бийликтен бул мыйзамсыз окуялардын тез арада чечилишин талап кылган митингдер 2002-жылы  25-январда Кара-Суу, Кара-Жыгач айылдарында өткөрүлгөн. 11-мартта Токтогул районунда А. Бекназаровдун үстүнөн сот процесси башталып, прокурор аны 7 жылга эркинен ажыратууну талап кылат. Бирок элдин нааразычылыгынан улам судья сот өкүмүн угузууну кийинкиге калтырат. 11‒16-март күндөрү Аксынын Кара-Суу, Кара-Жыгач, Жаӊы-Жол айылдарында митингдер өткөрүлөт. Алар райондук, облустук администрация жетекчилеринин элге келишин күтүшкөн. Бирок чакырылгандардын келбегенине нааразы болгон эл Бишкек-Ош жолун тосууну чечишет. Кербенди көздөй жол тарткан митингчилерди Боспиек айылынын тушунан райондук бийлик өкүлдөрү, милициянын атайын бөлүнгөн отряддары тосуп чыгышып, куралсыз элге каршы ок атышкан, 6 адам окко учуп, бир нече адам жарадар болушкан. Бул жолку жүрүшкө аксылыктардан башка нааразы болушкан кара-кулжалыктар <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> өзгөндүктөрдүн чыгышы бийликти компромисске барууга аргасыз кылган. Аксы окуясы анык демократия үчүн кандай күрөшүш керек экендигин далилдеген <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> аны өлкөдөгү 2005-жылы  24-марттагы болгон окуянын бирден бир себеби катарында кароого болот.
'''АКСЫ ОКУЯСЫ''' ‒ [[Жалал-Абад облусу]]нун [[Аксы]] аймагынын калкынын бийликке карата саясий нааразылык билдирүү акциясы. Аксы окуясынын чыгышына [[Кыргызстан]]да бийликтин [[демократия]]лык принциптерден четтеп, жеке президенттик, үй-бүлөлүк башкарууга жол ачууга жасалган саясий аракеттер негизи себептердин бири болгон. 1995-жылы 24-декабрда өткөн кезектеги [[президент]]тик шайлоо [[Борбордук шайлоо комиссиясы]] (БШК) тарабынан добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыга электе өлкө башчысынын [[басма сөз]] кызматы тарабынан А. [[Акаев]] экинчи мөөнөткө шайланганын, ага 70 %тен ашык шайлоочулар ишеним көрсөткөнү жарыяланган. Натыйжада оппозициялык кыймылдын айрым мүчөлөрү (мис., Т. Тургуналиев, Д. Үсөнов ж.б.) өлкө авторитардык жолго түшүп бара жатканын эскертишкен. 1996-жылы [[Конституция]]га дагы бир жолу өзгөрүүлөр киргизилип, ал боюнча А. Акаев өкмөт мүчөлөрүн, жергиликтүү администрациянын жетекчилерин жана элчилерди дайындоо укугуна ээ болгон. Иш жүзүндө аткаруу бийлиги президентке көз каранды болуп, депутаттар өкмөттү кетире албай калган, бирок премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү укугу берилген. Ушундай кырдаалда өлкөдө Кыргызстан коммунисттери, «Ар-Намыс», Кыргызстан Демократиялык Кыймылы (КДК), «Ата-Мекен», «Бей-Бечара» ж.б. сыяктуу бир нече оппозициялык партиялар түзүлгөн. Өлкөнүн мурунку Конституциясына ылайык Президенттикке шайланууга эки жолку мөөнөткө гана укук берилгенине карабай, 1998-жылы жазында «[[Кыргызстан элдеринин ассамблеясы]]нын» атынан кийинки президенттик шайлоого А. Акаевди катыштыруу тууралуу [[Конституциялык сот]]ко кайрылуу жолдонгон. Ошол эле жылдын июль айында ага үчүнчү мөөнөткө шайланууга уруксат берилип, 2000-жылы өтө турган шайлоого талапкерлиги кайрадан көрсөтүлгөн. Аны менен бирге бардык талапкерлер үчүн милдеттүү түрдө [[кыргыз тили]]н билүү тести киргизилип, жыйынтыгында 19 талапкердин 12си шайлоого катышуудан четтетилген. Булардан сырткары шайлоого катышууну көздөгөн үч негизги саясатчынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ф. [[Кулов]] 7, Т. Тургуналиев 16 жылга эркинен ажыратылса, Д. Үсөнов эки жылга шарттуу кесилип, шайлоого катыша алган эмес. 29-октябрда өткөн шайлоонун расмий маалыматы боюнча А. Акаев 74,47 % добуш алган, бирок [[Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму]]нун баяндамасында шайлоо ачык-айкын жана таза жүрбөгөнү белгиленген. Ал эми Аксы окуясынын түздөн-түз чыгышына [[Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши]]нин депутаты Азимбек Бекназаровдун бийликтин саясатына, айрыкча, чек ара (Үзөӊгү-Кууш) маселеси боюнча нааразычылыгынын негизинде мыйзамсыз камалышы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> соттолушу шылтоо болгон. Аксы жергесинде аны коргоо комитети түзүлүп, айыл-кыштактарда бийликтен бул мыйзамсыз окуялардын тез арада чечилишин талап кылган митингдер 2002-жылы  25-январда [[Кара-Суу]], [[Кара-Жыгач]] айылдарында өткөрүлгөн. 11-мартта [[Токтогул району]]нда А. Бекназаровдун үстүнөн [[сот]] процесси башталып, [[прокурор]] аны 7 жылга эркинен ажыратууну талап кылат. Бирок элдин нааразычылыгынан улам судья сот өкүмүн угузууну кийинкиге калтырат. 11‒16-март күндөрү Аксынын Кара-Суу, Кара-Жыгач, [[Жаӊы-Жол]] айылдарында [[митинг]]дер өткөрүлөт. Алар райондук, облустук администрация жетекчилеринин элге келишин күтүшкөн. Бирок чакырылгандардын келбегенине нааразы болгон эл [[Бишкек]]-Ош жолун тосууну чечишет. [[Кербен]]ди көздөй жол тарткан митингчилерди [[Боспиек]] айылынын тушунан райондук бийлик өкүлдөрү, милициянын атайын бөлүнгөн отряддары тосуп чыгышып, куралсыз элге каршы ок атышкан, 6 адам окко учуп (К. А. Сапаралиев, С. К. Тагаев, Э. М. Четинбаев, С. Б. Үркүнбаев, Э. А. Үмөталиев, М. Бекмуратов), 79 адам ар кандай абалда жабыркаган. Кийин Аксы окуясы боюнча коомдук (төрагасы Т. Тургуналиев), парламенттик (башчысы А. Мамбеталиева) жана мамлекеттик (жетекчиси премьер-министр Н. Танаев) комиссиялар иликтөө жүргүзүп, окуяга күнөөлөр жергиликтүү бийлик жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер, ошол кездеги президент, президенттик аппараттын жетекчилери жана дагы бир топ кишилер күнөөлүү деген тыянак чыгарышкан. Жалпысынан алганда Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары мүнөздөлөт.  
[[Категория:1-Том]]
[[Категория:1-Том]]

08:48, 9 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

АКСЫ ОКУЯСЫЖалал-Абад облусунун Аксы аймагынын калкынын бийликке карата саясий нааразылык билдирүү акциясы. Аксы окуясынын чыгышына Кыргызстанда бийликтин демократиялык принциптерден четтеп, жеке президенттик, үй-бүлөлүк башкарууга жол ачууга жасалган саясий аракеттер негизи себептердин бири болгон. 1995-жылы 24-декабрда өткөн кезектеги президенттик шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тарабынан добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыга электе өлкө башчысынын басма сөз кызматы тарабынан А. Акаев экинчи мөөнөткө шайланганын, ага 70 %тен ашык шайлоочулар ишеним көрсөткөнү жарыяланган. Натыйжада оппозициялык кыймылдын айрым мүчөлөрү (мис., Т. Тургуналиев, Д. Үсөнов ж.б.) өлкө авторитардык жолго түшүп бара жатканын эскертишкен. 1996-жылы Конституцияга дагы бир жолу өзгөрүүлөр киргизилип, ал боюнча А. Акаев өкмөт мүчөлөрүн, жергиликтүү администрациянын жетекчилерин жана элчилерди дайындоо укугуна ээ болгон. Иш жүзүндө аткаруу бийлиги президентке көз каранды болуп, депутаттар өкмөттү кетире албай калган, бирок премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү укугу берилген. Ушундай кырдаалда өлкөдө Кыргызстан коммунисттери, «Ар-Намыс», Кыргызстан Демократиялык Кыймылы (КДК), «Ата-Мекен», «Бей-Бечара» ж.б. сыяктуу бир нече оппозициялык партиялар түзүлгөн. Өлкөнүн мурунку Конституциясына ылайык Президенттикке шайланууга эки жолку мөөнөткө гана укук берилгенине карабай, 1998-жылы жазында «Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын» атынан кийинки президенттик шайлоого А. Акаевди катыштыруу тууралуу Конституциялык сотко кайрылуу жолдонгон. Ошол эле жылдын июль айында ага үчүнчү мөөнөткө шайланууга уруксат берилип, 2000-жылы өтө турган шайлоого талапкерлиги кайрадан көрсөтүлгөн. Аны менен бирге бардык талапкерлер үчүн милдеттүү түрдө кыргыз тилин билүү тести киргизилип, жыйынтыгында 19 талапкердин 12си шайлоого катышуудан четтетилген. Булардан сырткары шайлоого катышууну көздөгөн үч негизги саясатчынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ф. Кулов 7, Т. Тургуналиев 16 жылга эркинен ажыратылса, Д. Үсөнов эки жылга шарттуу кесилип, шайлоого катыша алган эмес. 29-октябрда өткөн шайлоонун расмий маалыматы боюнча А. Акаев 74,47 % добуш алган, бирок Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун баяндамасында шайлоо ачык-айкын жана таза жүрбөгөнү белгиленген. Ал эми Аксы окуясынын түздөн-түз чыгышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азимбек Бекназаровдун бийликтин саясатына, айрыкча, чек ара (Үзөӊгү-Кууш) маселеси боюнча нааразычылыгынын негизинде мыйзамсыз камалышы жана соттолушу шылтоо болгон. Аксы жергесинде аны коргоо комитети түзүлүп, айыл-кыштактарда бийликтен бул мыйзамсыз окуялардын тез арада чечилишин талап кылган митингдер 2002-жылы 25-январда Кара-Суу, Кара-Жыгач айылдарында өткөрүлгөн. 11-мартта Токтогул районунда А. Бекназаровдун үстүнөн сот процесси башталып, прокурор аны 7 жылга эркинен ажыратууну талап кылат. Бирок элдин нааразычылыгынан улам судья сот өкүмүн угузууну кийинкиге калтырат. 11‒16-март күндөрү Аксынын Кара-Суу, Кара-Жыгач, Жаӊы-Жол айылдарында митингдер өткөрүлөт. Алар райондук, облустук администрация жетекчилеринин элге келишин күтүшкөн. Бирок чакырылгандардын келбегенине нааразы болгон эл Бишкек-Ош жолун тосууну чечишет. Кербенди көздөй жол тарткан митингчилерди Боспиек айылынын тушунан райондук бийлик өкүлдөрү, милициянын атайын бөлүнгөн отряддары тосуп чыгышып, куралсыз элге каршы ок атышкан, 6 адам окко учуп (К. А. Сапаралиев, С. К. Тагаев, Э. М. Четинбаев, С. Б. Үркүнбаев, Э. А. Үмөталиев, М. Бекмуратов), 79 адам ар кандай абалда жабыркаган. Кийин Аксы окуясы боюнча коомдук (төрагасы Т. Тургуналиев), парламенттик (башчысы А. Мамбеталиева) жана мамлекеттик (жетекчиси премьер-министр Н. Танаев) комиссиялар иликтөө жүргүзүп, окуяга күнөөлөр жергиликтүү бийлик жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер, ошол кездеги президент, президенттик аппараттын жетекчилери жана дагы бир топ кишилер күнөөлүү деген тыянак чыгарышкан. Жалпысынан алганда Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары мүнөздөлөт.