БЕЛОВОДСКОЕ КОЗГОЛОҢУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛОВОДСКОЕ''' '''КОЗГОЛОҢУ''' – Совет бийлигинин алгачкы жылдарында большевиктердин экономикалык саясатына каршы уюшулган козголоң. Козголоңдун чыгышына большевиктер жана солчул социал-революционер (баш тамгалалары боюнча эсерлер) партияларынын ортосундагы бийлик үчүн саясий тирешүү негиз болгон. Акыры ал куралдуу кагылышууга айланып, 1918-жылдын июль айында | '''БЕЛОВОДСКОЕ''' '''КОЗГОЛОҢУ''' – Совет бийлигинин алгачкы жылдарында большевиктердин экономикалык саясатына каршы уюшулган козголоң. Козголоңдун чыгышына [[большевиктер]] жана солчул социал-революционер (баш тамгалалары боюнча эсерлер) партияларынын ортосундагы бийлик үчүн саясий тирешүү негиз болгон. Акыры ал куралдуу кагылышууга айланып, 1918-жылдын июль айында [[РСФСР]]дин борбору [[Москва шаары]]нда башталган козголоңдо солчул социал-революционерлер жеңилүүгө учураган. Жетекчилери камакка алынып, солчул эсерлердин партиясына тыюу салынган. Бул окуядан кийин жалпы [[Түркстан]] крайы, анын ичинде [[Жети-Суу]]да эсерлер уюмуна тиешеси барлар куугунтуктоого алынган. Мисалы, 1918-жылы 19-ноябрда [[Пишпек]] округунун аткаруу комитети солчул эсерлер уюмун таратуу чечимин жарыялап, натыйжада алардын катарындагыларды кызматтан алуу башталган. Ошол эле учурда большевиктер тарабынан эркин соодага тыюу салуу, азык-түлүк салыгы, дан жыйноо, Жети-Суу фронту үчүн унаа (ат, төө) чогултуу ж.б. сыяктуу чаралар күчөгөн. Ал эми козголоңдун чыгышына атайын отряддын [[Беловодское]] айлынан туруктуу орун алып, күчкө салуу менен 1918-жылы жаз айынан баштап он эки миң пуд дан чогултушу түрткү болгон. Большевиктердин мындай саясатына нааразы болгон айылдын оокаттуу дыйкандары бийликке каршы жер-жерлерде жыйындарды өткөрө башташкан. Пишпек жана [[Олуя-Ата]] уездерине караштуу айыл-кыштактардан келген атайын өкүлдөр катышкан ошондой жыйындын бири 1918-жылы 7-декабрда Беловодское айылында өткөн. Ал жыйынга эсерлер партиясынын мүчөлөрү Н. Волков (Пишпек шаары) жана А. Ерофеев (Олуя-Ата уезди) ж.б. катышып, алардын демилгеси менен «Элдик-аскер кеңеши» (кийин ал «Убактылуу өкмөт» болуп өзгөртүлгөн) түзүлгөн, ошондой эле алдыда аткарыла турган иш-аракеттердин атайын программасы жарыяланган. Программанын негизин большевиктик диктатураны кулатуу, азык-түлүк салыгын жокко чыгаруу, эркин соодага карата жасалган тоскоолдуктарды жоюу, граждандык согуштун муктаждыктары үчүн салык жыйнап, мал-мүлктү конфискациялоону токтотуу сыяктуу талаптар түзгөн. Жыйын аяктары менен Беловодское айлынын [[милиция]]сын жана Пишпектен жиберилген Кызыл Армиянын отрядын куралсыздандыруу башталып, натыйжада В. П. Мортиков (Беловодское бөлүмүнүн тергөө комиссиясынын төрагасы), С. М. Карпов (элдик сот) ж.б. сыяктуу бир нече большевик каза болгон. 14-декабрда козголоңчулар Кызыл Армиянын 350 жоокери турган Пишпек казармасын курчоого алып, бирок шаарды басып алууга жасалган бир нече жолку аракети ийгиликсиз аяктаган. Ошол эле күнү козголоңчулардын штабында жыйын өтүп, жергиликтүү калк – [[кыргыздар]]ды көтөрүлүшкө үндөшкөн. Бирок, алар козголоңго катышуудан баш тартышкан. [[Александровка]] жана Пишпектеги дунган улутундагы айрым оокаттуу дыйкандар козголоңчуларды колдоп чыккан.15-декабрда Олуя-Ата депутаттар кеңеши Беловодскоедеги кырдаал курчуп, Олуя-Ата уездиндеги Николаевск, Вознесеновск, Алексеевка, [[Кара-Балта]] ж.б. сыяктуу айыл-кыштактар козголоңчуларга кошулуп жатканы тууралуу [[телеграф]] аркылуу [[Ташкент]]ке билдиришкен. Козголоңчуларга каршы күрөштү Пишпек уездик революциялык комитет жана депутаттар кеңеши жетектеп, атайын штаб түзүлгөн. Ал үчүн Пишпек шаарынын жумушчулары, ошондой эле жакынкы айыл-кыштактардагы (Лебединовка, Георгиевка, Юрьевка ж.б.) дыйкандар мобилизацияланган. 23-декабрда Я. Н. [[Логвиненко]]нун командачылыгы астында алты пулемет жана төрт замбирек менен куралданган 2000ге жакын жоокер чабуулга өтүп, алгач Пишпек шаары, андан кийин Чалаказак айылы, 26-декабрда Беловодское козголоңчулардан тазаланган. Бир нече жүздөгөн козголоңчулар камакка алынып, өлүм жазасына тартылган. Совет мезгилиндеги изилдөөлөрдө бул окуя «ак гвардиячы социал-революционер-кулактардын козголоңу» деп каралаганы менен кийинки тергөөнүн жүрүшү көрсөткөндөй ага алдын-ала даярдык көрүлгөнү жана бийликти алууга атайын план түзүлгөнү аныкталган. Алар Ташкент шаарындагы совет бийлигине каршы жашыруун уюмдар менен байланыш түзүлүп, 1919-жылы көтөрүлүш бүткүл Жети-Суу жана [[Фергана]] аймагын камтууга тийиш болгон. | ||
Ад.: Курманов 3. К. Национальная интеллигенция 20–30 годов: вклад в возрождение национальной государственности кыргызского народа и борьбу с тоталитарно-авторитарным режимом. Б., 2005. | |||
03:05, 9 Март (Жалган куран) 2026 -деги абалы
БЕЛОВОДСКОЕ КОЗГОЛОҢУ – Совет бийлигинин алгачкы жылдарында большевиктердин экономикалык саясатына каршы уюшулган козголоң. Козголоңдун чыгышына большевиктер жана солчул социал-революционер (баш тамгалалары боюнча эсерлер) партияларынын ортосундагы бийлик үчүн саясий тирешүү негиз болгон. Акыры ал куралдуу кагылышууга айланып, 1918-жылдын июль айында РСФСРдин борбору Москва шаарында башталган козголоңдо солчул социал-революционерлер жеңилүүгө учураган. Жетекчилери камакка алынып, солчул эсерлердин партиясына тыюу салынган. Бул окуядан кийин жалпы Түркстан крайы, анын ичинде Жети-Сууда эсерлер уюмуна тиешеси барлар куугунтуктоого алынган. Мисалы, 1918-жылы 19-ноябрда Пишпек округунун аткаруу комитети солчул эсерлер уюмун таратуу чечимин жарыялап, натыйжада алардын катарындагыларды кызматтан алуу башталган. Ошол эле учурда большевиктер тарабынан эркин соодага тыюу салуу, азык-түлүк салыгы, дан жыйноо, Жети-Суу фронту үчүн унаа (ат, төө) чогултуу ж.б. сыяктуу чаралар күчөгөн. Ал эми козголоңдун чыгышына атайын отряддын Беловодское айлынан туруктуу орун алып, күчкө салуу менен 1918-жылы жаз айынан баштап он эки миң пуд дан чогултушу түрткү болгон. Большевиктердин мындай саясатына нааразы болгон айылдын оокаттуу дыйкандары бийликке каршы жер-жерлерде жыйындарды өткөрө башташкан. Пишпек жана Олуя-Ата уездерине караштуу айыл-кыштактардан келген атайын өкүлдөр катышкан ошондой жыйындын бири 1918-жылы 7-декабрда Беловодское айылында өткөн. Ал жыйынга эсерлер партиясынын мүчөлөрү Н. Волков (Пишпек шаары) жана А. Ерофеев (Олуя-Ата уезди) ж.б. катышып, алардын демилгеси менен «Элдик-аскер кеңеши» (кийин ал «Убактылуу өкмөт» болуп өзгөртүлгөн) түзүлгөн, ошондой эле алдыда аткарыла турган иш-аракеттердин атайын программасы жарыяланган. Программанын негизин большевиктик диктатураны кулатуу, азык-түлүк салыгын жокко чыгаруу, эркин соодага карата жасалган тоскоолдуктарды жоюу, граждандык согуштун муктаждыктары үчүн салык жыйнап, мал-мүлктү конфискациялоону токтотуу сыяктуу талаптар түзгөн. Жыйын аяктары менен Беловодское айлынын милициясын жана Пишпектен жиберилген Кызыл Армиянын отрядын куралсыздандыруу башталып, натыйжада В. П. Мортиков (Беловодское бөлүмүнүн тергөө комиссиясынын төрагасы), С. М. Карпов (элдик сот) ж.б. сыяктуу бир нече большевик каза болгон. 14-декабрда козголоңчулар Кызыл Армиянын 350 жоокери турган Пишпек казармасын курчоого алып, бирок шаарды басып алууга жасалган бир нече жолку аракети ийгиликсиз аяктаган. Ошол эле күнү козголоңчулардын штабында жыйын өтүп, жергиликтүү калк – кыргыздарды көтөрүлүшкө үндөшкөн. Бирок, алар козголоңго катышуудан баш тартышкан. Александровка жана Пишпектеги дунган улутундагы айрым оокаттуу дыйкандар козголоңчуларды колдоп чыккан.15-декабрда Олуя-Ата депутаттар кеңеши Беловодскоедеги кырдаал курчуп, Олуя-Ата уездиндеги Николаевск, Вознесеновск, Алексеевка, Кара-Балта ж.б. сыяктуу айыл-кыштактар козголоңчуларга кошулуп жатканы тууралуу телеграф аркылуу Ташкентке билдиришкен. Козголоңчуларга каршы күрөштү Пишпек уездик революциялык комитет жана депутаттар кеңеши жетектеп, атайын штаб түзүлгөн. Ал үчүн Пишпек шаарынын жумушчулары, ошондой эле жакынкы айыл-кыштактардагы (Лебединовка, Георгиевка, Юрьевка ж.б.) дыйкандар мобилизацияланган. 23-декабрда Я. Н. Логвиненконун командачылыгы астында алты пулемет жана төрт замбирек менен куралданган 2000ге жакын жоокер чабуулга өтүп, алгач Пишпек шаары, андан кийин Чалаказак айылы, 26-декабрда Беловодское козголоңчулардан тазаланган. Бир нече жүздөгөн козголоңчулар камакка алынып, өлүм жазасына тартылган. Совет мезгилиндеги изилдөөлөрдө бул окуя «ак гвардиячы социал-революционер-кулактардын козголоңу» деп каралаганы менен кийинки тергөөнүн жүрүшү көрсөткөндөй ага алдын-ала даярдык көрүлгөнү жана бийликти алууга атайын план түзүлгөнү аныкталган. Алар Ташкент шаарындагы совет бийлигине каршы жашыруун уюмдар менен байланыш түзүлүп, 1919-жылы көтөрүлүш бүткүл Жети-Суу жана Фергана аймагын камтууга тийиш болгон.
Ад.: Курманов 3. К. Национальная интеллигенция 20–30 годов: вклад в возрождение национальной государственности кыргызского народа и борьбу с тоталитарно-авторитарным режимом. Б., 2005.