БААЛЬБЕК: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БААЛЬБЕК | '''БААЛЬБЕК –''' Ливандын түндүк-чыгышындагы шаар. Калкы 30,9 миӊ (2005). Антиливан кырка тоолорунун этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1117 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Алгач биздин заманга чейин 14-кылымда эскерилет. Баал кудайына (Финикия, Палестина, Сирия, кийин Египет, Грекияга жана башка тараган түшүмдүүлүктүн, суунун, согуштун кудайы) тайынуу борбору катары белгилүү. Птоломейдин тушунда шаар күн кудайы Гелиостун атынан Гелиполь, 16-кылымдан Юлий Август Феликс Гелиополитан Колониясы деп аталган. 1898‒1905-жылдары О. Пухштейн жетектеген немис экспедициясы археологиялык казууларды жүргүзгөн. Театр, ипподром, храмдардын комплексинин калдыктары табылган, <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> өзгөчө Вакх храмы жакшы сакталган. Ошондой эле Венера, Юпитер жана башка храмдары бар. 637-жылы Баальбек арабдар тарабынан басылып алынган. 13-кылымда ал аймак чепке айландырылып, чыгыш тарабына мечит <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> мунара салынган. 1956-жылдан ал шаарда Эл аралык музыкалык-театр фестивалы өткөрүлүп турат. Баальбек туризм борборлорунун бири. Шаар ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине катталган.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
03:26, 4 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
БААЛЬБЕК – Ливандын түндүк-чыгышындагы шаар. Калкы 30,9 миӊ (2005). Антиливан кырка тоолорунун этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1117 м бийиктикте жайгашкан. Алгач биздин заманга чейин 14-кылымда эскерилет. Баал кудайына (Финикия, Палестина, Сирия, кийин Египет, Грекияга жана башка тараган түшүмдүүлүктүн, суунун, согуштун кудайы) тайынуу борбору катары белгилүү. Птоломейдин тушунда шаар күн кудайы Гелиостун атынан Гелиполь, 16-кылымдан Юлий Август Феликс Гелиополитан Колониясы деп аталган. 1898‒1905-жылдары О. Пухштейн жетектеген немис экспедициясы археологиялык казууларды жүргүзгөн. Театр, ипподром, храмдардын комплексинин калдыктары табылган, анын ичинде өзгөчө Вакх храмы жакшы сакталган. Ошондой эле Венера, Юпитер жана башка храмдары бар. 637-жылы Баальбек арабдар тарабынан басылып алынган. 13-кылымда ал аймак чепке айландырылып, чыгыш тарабына мечит жана мунара салынган. 1956-жылдан ал шаарда Эл аралык музыкалык-театр фестивалы өткөрүлүп турат. Баальбек туризм борборлорунун бири. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган.