БАГЫНЫҢКЫ СҮЙЛӨМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ багыныӊкы байланыштагы кошмо сүйлөмдүн тутумунда туруп, мааниси ж-а граммат. түзүлүшү б-ча баш сүйлөмгө багынычтуу, көз каранды болгон бирдик (сүйлөм). Кошмо сүйлөмдүн тутумундагы багыныӊкы сүйлөмдөрдүн синтаксистик милдеттери ар түрдүү келип, аны аныктоонун, классификациялоонун негизги критерийи катары баш сүйлөм м-н багыныӊкы сүйлөмдүн маанилик ички катыштары эсептелет. Мындай катыштар байламталардын ж-а багыныӊкы сүйлөмдүн баяндоочунун түзүлүшү м-н формасынын жардамы аркасында аныкталат. Кыргыз тилинде Б. с. баш сүйлөм м-н түзгөн маанилик катышына, баяндоочунун формасына ж-а түзүлүшүнө, аткарган синтаксистик милдетине жараша: мезгил Б. с., шарттуу Б. с., себеп Б. с., сыпат Б. с., каршы Б. с., салыштырма Б. с., максат Б. с., өлчөм Б. с., орун Б. с. болуп бөлүнөт.