АЭРОНОМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Dilde
м (Dilde moved page АЭРОН ОМИЯ to АЭРОНОМИЯ)
(Айырма жок)

10:03, 9 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы

АЭРОНОМИЯ, (аэро… жана гр. nomos ‒ закон) ‒ Күндүн (жылдыздардын) нурлануусунун таасири астында атм. физикасынын газ молекулаларынын сейрек жайгашкан чөйрөсүндө жүрүүчү физ. жана хим. кубулуштарды изилдөөчү тармагы. Ал негизинен атм. темп-раны, тыгыздыктын бөлүнүшүн, ионосферадагы электрондордун топтолуш профилин, уюлдук жаркыроо, жердин радиациялык курчоолорун (поястары) ж. б. изилдейт. Атм-дагы Күн энергиясынын өзгөрүү процесси, магнитосферадан чыккан бөлүкчөлөрдүн агымы жана космостук нурлар Жер климатын түзүүдө чоӊ роль ойнойт. А. 1950-жылдын башында негизделген. Анын негиздөөчүлөрү ‒ Жердин үстүнкү атм-сын изилдеген англ Д. Р. Бейтс жана бельгиялык М. Николе болгон. А-нын милдети ‒ аталган маселелерди изилдөө менен бирге алардын себептерин түшүндүрүү. А. эсептерин чыгаруу үчүн матем. ыкмалар, жөнөкөй процесстердеги жутулуу жана нурлануунун өзгөрүшү колдонулат.