АХВАЗ НЕФТЬ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 нефтинин дүйнөдөгү ири кендеринин бири. Ирандагы Ахваз ш-на жакын жайгашкан. 1958-ж. ачылып, ошондон бери казылып алынууда. Кен Перс булуӊу нефть-газ бассейнине кирет. Нефть-газдуу аймактын аянты 400 км2ден ашат. Нефть-газ антиклиналдык

бүктөлүүдөгү олигоцен ‒ төмөнкү миоцендин кумдук ж-а жогорку бордун акиташ тегине топтолгон. Алар 2485‒3660 м тереӊдикте жатат. Нефть ж-а газ негизинен калыӊдыгы 200 м келген кумдуктан казып алынат. Нефтилүү тоо тектер тегиз эмес кабат түрүндө жайгашып, анын үстүнө газ топтолгон. Нефтинин тыгыздыгы 865‒901 кг/м3, күкүрт 1,5%. Нефтинин баштапкы чыгарып алуу запасы 2400 млн т, газдыкы 311млрд м3.