АТМОСФЕРАДАГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Roza
No edit summary
imported>Begay
(Айырма жок)

04:51, 19 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АТМОСФЕРАДА ГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ‒ атмосферадагы жылуулуктун тик жана горизонталь багыт б-ча алмашуу процесси. Мында абанын жылуу катмарларынан чыккан агым, анын муздак катмарларына карай жылып, абанын кошулуусунан темп-ра өзгөрөт. Бул катмардын темп-ралык айырмасы канчалык чоӊ болсо, А. ж. а. ошончолук тез жүрөт. Күндүн радиациясы, космостон келген жана жерден чыккан жылуулуктар ‒ атм-дагы жылуулуктун негизги булагы. А. ж. а. негизинен турбуленттүүлүктүн жардамы менен атм-нын жерге чектеш катмарына жылуулуктун өтүшү, күндүн радиациясынын таралышы, суунун бууга айланышы жана атм-дагы суу буусунун конденсацияланышы менен сублимацияланышынан бөлүнүп чыккан жылуулуктун натыйжасында болот.