АТЕРОМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(гр. athera ‒ ботко, оmа ‒ шишик) ‒ теридеги май бездердин түтүкчөлөрүнүн бүтөлүшүнөн пайда болгон зыянсыз шишик. Май бездери бет, баш, моюн терилеринде көп. Анын адегенде өлчөмү таруудан да кичине, акырындык м-н чоӊоюп, тооктун жумурткасындай өлчөмгө жетет. А. ден соолукка анча зыяны жок, бирок ал чоӊойгон сайын адамдын көркүн бузат же ар кандай жагымсыз жагдайдын таасиринен сезгенип, ириӊдеп, абсцесске айланып кетсе, хирург. жол м-н алынат. А-нын пайда болушун алдын алууда терини ар дайым таза кармоо, о. эле чөйрөнүн жагымсыз факторлорунан сактануу керек.