АТАЙ кыштагы: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Temirkan No edit summary |
imported>Temirkan м (Temirkan moved page АТАЙ 1 to АТАЙ кыштагы) |
(Айырма жок)
| |
02:59, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АТАЙ ‒ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Атай айыл аймагына караштуу. Атай суусунун жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1358 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 435 км. 1909-жылы отурукташкан. Айылдын аталышы «Курманбек» эпосундагы Атай аттуу кейипкердин эрдиги, анын сөөгүнүн ошол жерде коюлушуна байланыштуу. Калкы 1459 (2009); негизинен мал жана аары чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.