АСТРОМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 (астро... ж-а ...метрия ) ‒ астрономиянын бир бөлүмү. Ал Ааламдын мейкиндиктеги картинасын түзүү үчүн асман объектилеринин геометр., кинематикалык ж-а динамикалык касиеттерин изилдейт. А. методу асман

объектилеринин параллаксын , планета ж-а жылдыз орбиталарын, алардын бетиндеги нерселердин өлчөмүн, жайгашышын ченейт. А-нын маалыматтары астрономиянын асман механикасы, астрофизика, жылдыздар астрономиясы, геодезия ж-а геофизикада кеӊири колдонулат. А-нын негизги милдети ‒ астр. туруктуу чоӊдуктардын сан маанилерин аныктоо, жылдыздардын абалын ж-а өздүк кыймылдарынын каталогдорун түзүү. Б. з. ч. 4-к-да эле кытай астроному Ши Шень айрым жылдыздардын каталогун түзгөн. Грек астроному Гиппарх прецессия кубулушун ачып, 1022 жылдыздын каталогун түзгөн, 15-к-да Улугбек бул жылдыздарды кайрадан изилдеген.