АСТЕНОСФЕРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3))
imported>Begay
(Айырма жок)

03:38, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы

АСТЕНОСФЕРА (жаӊы лат. asthenosphaera, гр. asthenes ‒ начар жана сфера) ‒ Жердин мантиясынын үстүнкү бөлүгүндөгү катуулук, бекемдик жана илээшкектик касиеттери төмөнүрөөк болгон катмар. Биринчи жолу 1914-ж. америкалык геофизик Ж. Барелл болжолдогон, 1951-ж. Б. Гутенберг сейсмологиялык жол менен тактаган. Ал континенттерде жер бетинен 200 км, океандардын түбүнөн 100 км тереӊдикте орун алып, төмөнкү чеги 150‒200 кмге жетет. А-да сейсмдик толкундар башка катмарларга салыштыр ганда жайыраак тарай тургандыгы геофиз. изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган. А. жанар тоолордун пайда болуусуна жана жер кыртышын дагы тектон. кыймылдарга себеп болот.