АССОЦИАЦИЯ (химияда): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
556-684>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:36, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
х и м и я д а ‒ бирдей же жаратылышы б-ча жакын молекулалар эритмелерде салыштырмалуу туруксуз топторду ‒ ассоциаттарды (димерлерди, тримерлерди ж. б.) пайда кылуусу. Аларда молекулалар суутектик байланыш, ван-дер-ваальс, диполь-диполдук ж. б. күчтөр м-н байланышкан. А. эритмелер
дин физ.-хим. касиеттерине таасир этет. Электролиттердин эритмесиндеги иондордун А-сы иондук жуптар, тримерлердин пайда болушу алардын заряддарынын электростатикалык өз ара аракеттенүүсү ж-а сольватташуусу м-н түшүндүрүлөт. Иондордун А-сы алардын зарядына, радиусуна, электрондук катмарларынын түзүлүшүнө ж-а эриткичтин диэлектрдик өткөргүчтүгүнө, анын молекулаларынын электрон донордук ж-а электрон акцептордук касиеттерине көз каранды.