АСКАРИДАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:50, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(Ascarudas) – адам ж-а омурткалуу жаныбардын ичегисинде мителик кылуучу жумуру курттар. Киши ж-а чочко А-ы кеңири таралган. Ургаачысынын уз. 25-40, эркегиники 15-25 см. Ургаачысы суткасына 250 миңге чейин жумуртка тууйт, ал тамак же суу аркылуу кишинин ичегисине кирип, андан личинка жетилип, ичегинин былжыр челин көзөп, вена канына өтөт да, кан агымы м-н жүрөккө, андан өпкө ж-а кекиртек аркылуу 2-жолу оозго барып, тамак сиңирүү системасына өтөт. Личинка ичке ичегиде чоң митеге айланып, 2-2,5 айдан кийин жумуртка тууй баштайт. Ал жумурткалар ээсинин заңы м-н сыртка чыгат. А. коркунучтуу оору – аскаридозду пайда кылат.