АСАНОВ ҮСӨН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

hello(26. I. 1934-ж. т., Нарын обл., Нарын р-ну, Эмгекчил айылы) – физик-химик, химия илимд. доктору (1977), проф. (1980), KP УИАнын акад. (1987, корр.- мүчө 1983), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ойлоп табуучусу (1979), СССРдин ойлоп табуучусу, КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (2000). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1994). Д. И. Менделеев атн. МХТИни (1956), СССР ИАнын физ.-химия ин-тунун аспирантурасын (1967) бүтүргөн. 1956-87-ж. Кыргыз CCP ИАнын орг. эмес ж-а физ. химия ин-тунда кенже, улук ил. кызматкер, лаборатория башчысы, директордун орун басары, 1987-93-ж. КМУнун ректору, 1993-2005-ж. КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын (1996–жылдан Улуттук аттестациялык комиссия) төрагасы, ошол эле учурда 2002–16-ж. Кыргыз Энциклопедиясы Башкы редакциясынын Башкы редактору болуп иштеген.. Химия ж-а хим. технология б-ча ил. иштерди жүргүзгөн. Ил. ишинин негизги багыты – электр разрядындагы хим. процесстерди изилдөө. Ал учкун разряддарын пайдаланып, хим. синтездин (карбиддер, сульфиддер, кычкылтектер ж. б.) жаңы методдорун негиздеген. Бул жааттагы иштеп чыгуулары 50дөн ашуун автордук күбөлүк ж-а патенттер м-н күбөлөндүрүп, алардын көбү өндүрүшкө киргизилген. Анын ойлоп табуучулук ишмердиги жогору бааланып, Эл аралык ойлоп табуучулардын алтын медалына татыктуу болгон (Женева, 2003). А. – 300дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 12 монография, жогорку окуу жайлары үчүн 7 окуу китеби), 51 ойлоп табуунун автору. Анын жетекчилиги м-н «Кто есть кто в Кыргызской науке» (1997), «Наука Кыргызстана в лицах» (2002), «Наука Кыргызстана в зеркале диссертационных исследований» (2003), «Химия» (1997) ж. б. 20дан ашык тармак энциклопедиялары жарык көргөн. Эл аралык «Руханият», о. эле Ж. Баласагун, И. Арабаев атн. сыйлыктардын лауреаты.

Файл:АСАНОВ Үсөн 79.png


.КР ЖКнын «легендардуу» парламентинин депутаты (1989–94). Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы «Манас» ордендери, «Даңк» медалы ж. б. м-н сыйланган. Нарын ш-ндагы өзү окутан орто мектеп-лицейге ысмы ыйгарылган (2004).
Эмг.: Синтез соединений металлов в условиях низковольтного искрового разряда в жидких диэлектриках. Ф., 1978; Жалпы химия (авторлош) Б., 1997; Физикалык химия (авторлош) Б., 2000; Органикалык химия курсу (авторлош) Б., 2001. Физико-химические процессы в плазме искрового разряда создаваемого в жидких диэлектриках. Б., 2001. Энергонасыщенные среды в плазме искрового разряда Б., 2002. Аналитикалык химия Б., 2004. Ад.: Об академике У. Асанове. Б., 2004.