АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Mariya
No edit summary
imported>Mariya
(Айырма жок)

10:47, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы (24. 9. 1946-ж. т., Москва ш.) – киноактриса, РСФСРдин эл артисти (1998), Казакстандын эмгек сиңирген артисти. Москва хореография окуу жайын (1964), ВГИКтин актёрлук факультетин (1974) бүтүргөн. Кино ишмердигин кыргыз фильмдеринде тартылуу м-н баштаган. «Биринчи мугалим» (реж. А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинофильминде Алтынайдын ролун чоң драматизм м-н психологиялык кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла» (реж. И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (реж. Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (реж. Т. Океев, 1977) ж. б. фильмдерине тартылган. А. СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1978).