АРТЕМИДА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
12:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– байыркы грек мифологиясындагы кудай аял; Зевс м-н Летонун кызы, Аполлондун эгизи. Алгач А. – түшүмдүн кудайы, жанжаныбарлардын ж-а аңчылыктын, айдын пири болсо, кийинчерээк пакизалыктын, о. эле амазонкалардын колдоочусу ж-а кош бойлуулардын пири болуп эсептелет. Аны сүрөтчүлөр, скульпторлор чыгармаларында, көбүнесе ажайып сулуу аңчы кыз катары жаа-жебелери же айдын пири катары башында жарым ай, колунда факели м-н чагылдырышкан. Байыркы Рим мифологиясында А-ны Диана деп беришет.