АРСЫГУЛОВА Жумакалый: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

Жумакалый (1922, Чүй обл., Coкулук р-ну, Төш-Булак айылы – 1948, Фрунзе) – туңгуч балет бийчиси. Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1945). Алгач мед. окуу жайда, 1934-ж. Ленинграддагы хореографиялык окуу жайында окуган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз иск-восунун он күндүгүнө катышкан. 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согуш башталгандыктан, Фрунзеге келип,

Файл:АРСЫГУЛОВА 35.png
Ж. Арсыгулова – Лауренсия. «Лауренсия» балети (1946).


Кыргыз муз. театрында (азыркы Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында) иштей баштаган. Балетмейстер В. Козлов койгон А. Крейндин «Лауренсия» балетинде башкы партияны, М. Раухвергердин «Чолпон» балетинде Айдайды аткарган. М. Күрөңкөев атн. Кыргыз мамл. муз.хореографиялык окуу жайында педагог болуп иштеген. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.