АРСТАН топ жылдызы: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

08:24, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АРСТАН– зодиак топ жылдызы. Жылдыз картасынан Арстан топ жылдызынын α, β, δ, θ, γ, ξ, η, λ, μ, ε ж-a λ жылдыздары арстанды элестетет. Арстан топ жылдызынын өтө жарык жылдызы (α-Арстан) – Регул. Регулдун айланасында айланган эки жылдыздын чоңдуктары 7,6m жана 13m. Арстан топ жылдызынын γ -Арстанынын бирөө сары түстө, экинчиси кызгылт түстө болуп, кош жылдыздарды түзөт. Арстан топ жылдызына тушма-туш аймактан галактикалар табылган. Ноябрь айында радианты а=152°, δ =+22° болгон Леониддер – метеор уюгу байкалат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан кышында жана жазында көрүнөт.