АРНОО ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
497-555>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

, а рноо ырлары – жеке бирөөгө же окуяга арналган чыгарма. Кыргыз ад-тынын тарыхында А. мүнөзүндөгү чыгармалар арбын кездешет. Токтогулдун «Бүркүтчү Мамыр жөнүндө», «Айчеке балбан жөнүндө», А. Токомбаевдин «Таланттын жылдызы» (Пушкин), «Алишер Навои» сыяктуу ырлары, Улуу Ата Meкендик согушта курман болгондорго арналган М. Абылкасымованын «Эстелик сүйлөйт» поэмасы мисал. Эгемендик жылдарында тарыхый инсандарга, эл депутаттарына, ишкерлерге ж. б. арналган чыгармалар жазылып, жарык көрүүдө.