АРИСТОФАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(б. з. ч. 446-385-ж. ченде) – байыркы грек драматургу, акын-комедиограф, «комедиянын атасы». А. ж-дө маалымат өтө аз.

«Ахарняндыктар» (425), «Атчандар» (424), «Аарылар» (422), «Тынчтык» (421), «Куштар» (414), «Фесмофорий майрамындагы аялдар», «Бакалар» (405), «Аялдар эл жыйынында» (392), «Плутос» (388) деген комедиялары сакталып калган. Аларда доор курч коюп жаткан маселелер ачык көрсөтүлүп, социал. теңсиздик ашкереленген, эл таламында болгон, аларга жакшы каалоо-тилектерин билдирген. Ал комедияларында маанилүү окуяларга кайрылын, согуш саясатына каршы чыгат («Лисистрата»), реалдуу инсанды жемелеп(«Булуттарда» Сократты), фантастикалык кырдаалдар чагылдырылат. А-дын комедияларын Э. Роттердамский, Г. Фильдинг, Н. В. Гоголь, В. Г. Белинский, сынчы А. В. Лу­начарский ж. б. жогору баалаган.