АРГАСЫЗ ТЕРМЕЛҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

– системада сырткы

күчтүн таасиринде пайда болуучу мезгилдүү кыймылдоолор. Анын мүнөзү сырткы күч ж-а системанын өзүнүн касиети м-н да аныкталат. А. т. адегенде мезгилдүү сырткы күчтүн аракети м-н убакытка жараша өзгөрөт, бир аз убакыт өткөндөн кийин системада мезгили сырткы күчтүн мезгилине барабар болот. Сызыктуу термелүүчү системага жыштыгы системанын өздүк термелүүсүнүн жыштыгына жакын сырткы күчтү туташтырууда системада А. т-дөй бир эле мез­гилде өздүк термелүү пайда болот. Бул термелүүнүн амплитудасы алгач барабар, фазалары карама-каршы, өздүк термелүүсү акырындык м-н басаңдап, системада белгилүү А. т. калат. Анын амплитудасы системадагы аракет кылуучу күчтүн амплитудасы ж-а басаңдоосу м-н аныкталат. Эгерде басаңдоосу аз болсо, анда А. т-нүн амплитудасы аракет этүүчү күчтүн жыш­тыгы м-н системанын өздүк термелүүсүнүн жыштыгынын катышына көз каранды. Сырткы күч­түн жыштыгы системанын өздүк жыштыгына жакындаса, А. т-нүн амплитудасы кескин көбөйүп, резонанс пайда болот.