АРАХНОИДИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

гр. arachne – жөргөмүш, желе,

eidos – түр) – мээнин же жүлүндүн тор кабыгынын сезгениши. Демейде мээнин жумшак кабынын сезгениши м-н коштолот. Ал катуу кармаган ж-а өнөкөт жугуштуу оорулардын (келте, грипп ж.б) кабылдоосунан, кулак-мурун көндөйүнүн коңулдарынын сезгенишинен, баштын ж-а омуртка тутумунун мертинишинен кийин, коргошун, мышьяк м-н өнөкөт уулануудан болот. Анда мээнин тор ж-а жумшак кабы катууланып калыңдап, жүлүн суюктугунун айланышы бузулат; баш сөөктүн ички басымы жогорулап, баш ооруйт, кээде талып калат, баш айланат, кулак жакшы укпай, көрүү начарлайт, тең салмактуулук бузулат. Оору күчөсө төшөккө жаткырып, антибиотик ж-а ооруну басаңдатуучу дарылар берилет. А-тин алдын алуу үчүн ооруларды өз убагында дарылоо керек.