АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИГАСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
, ж а м и а т
а д-д у у а л ал ь-а р а б и я – араб мамлекеттеринин өз ара карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды
эместигин, суверенитетин ж-а жалпы эле араб
өлкөлөрүнүн таламдарын коргоо максатында
түзүлгөн уюм (22. 3. 1945, Каир). Анын мүчөлөрү:
Египет, Ирак, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд
Аравиясы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Ливия, Судан, Алжир, Тунис, Марокко, Мавритания, Сомали, Жибути ж-а Палестина автономиясы.
Уюмдун жогорку органы – Лиганын Кеңеши (ага
уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары, премьер-министрлери же ыйгарымдуу
өкүлдөрү кирет), аткаруу органы – Генералдык
секретариат. Штаб-квартирасы – Каир ш-нда
жайгашкан. Расмий тили – араб тили.