АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
433-496>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(Pristiformes) -

кемирчектүү балыктар түркүмү. Денеси узун, нык, көкүрөк сүзгүчтөрүнүн четтери башы м-н биригип өскөн. Уз. 6 мге жетет, салм. 2400 кг, катран сымал акулаларга тектеш. Башка балыктардан аналдык сүзгүчү жоктугу м-н айырмаланат. Тумшугу узун, капталдарында сүйрү ж-а тыгыз, араа сымал чоң тиштери бар. А-дын 1 тукуму, 1 уруусу, 7 түрү бар. Тынч ж-а Индия океанында жашайт. Суу түбүндө жай жүрүүчү майда бентос жаныбарлар м-н азыктанат. Аларды узун тумшугу м-н суу түбүндөгү катуу жерден казып алат. А-дын ургаачысы 12ге чейин жумуртка-тирүү тууйт. Жерг. элдин промысел объектиси.