АНТИМОНИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:03, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(лат. antimonium -

сурьма), сурьма жылтырагы,
стибнит – минерал. Сульфидцер классына кирет. Хим. формуласы Sb2S3. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз металл сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2–2,5. С. салм. 4,6. Кычкылдануу зонасында сурьма кычкылдарын ж-а кычкылтектүү бирикмелерди пайда кылат. А. сурьманын негизги

Файл:АНТИМОНЙТ 115.png

кенташы. Негизинен эритме кошундуларды (подшипниктер үчүн баббиттерди) жасоодо кеңири пайдаланылат. О. эле
сурьма кошундусу резина өнөр жай, текстиль өндүрүшүндө, айнек иштеринде, медицинада ж. б. пайдаланылат. Кырг-ндагы сурьма кендери: Кадамжай, Терек-Сай, Абшыр-Сай, КасанСай, Саба-Жарды ж. б. Кадамжай кенинен бөлүнүп алынган сурьма сапаты б-ча дүйнөлүк эталон катары эсептелинет.