АНЖЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
324-432>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

00:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(Ficus carica) – өсүмдүктөрдүн тыттар

тукумунун фикус уруусундагы субтропиктик

мөмө дарагы. Бийикт. 12-15 м. Сөңгөгүнүн диам. 0,2 – 0,5 м. Тамыры жоон, бутактап өсөт. Күбүлмө,жалбырагы жазы, 7 тилкелүү. Майда гүлдөрү ал мурут сымал, топгүлү сиконияга

чогулган. Ири мөмөсү көп уруктуу, тоголок же алмурутка окшош, таттуу, жумшак, с ал м. 32-77 г. Курамында

Файл:АНЖЫР 93.png

кант, пектин заттар, А, С, Blf В2 витаминдери, каротин, кальций, темир, фосфор бар. Мөмөсү жумшак болгондуктан, көпкө сакталбай жаңы кезинде кургатылып желет, кыям, компот даярдалат. А.– эки үлүштүү өсүмдүк, 2-3 жылдыгынан баштап мөмө байлап, 50-80 жылга чейин мол түшүм берет. Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Кичи Азия, Иран ж-а Индияда жапайы түрү өсөт. Кавказда, О. Азияда, Крымда жапайы ж-а эгилме түрү бар. Кырг-ндын Ош обл-нда өстүрүлөт. Кызыл китенке катталган.