АНЕМОМЕТР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
324-432>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

00:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 (анемо... ж-а ... метр) – шамал -

дын ж-а газ агымынын ылдамдыгын өлчөөчү прибор. Бир нече түрү бар. Карман жүрмө А. практикада көп пайдаланылат (к. сүрөт). Ал
томпок жактары бир жакты карап турган 4 чөйчөкчөдөн турат. Чөйчөкчөлөр ок темирдин жогору жагына кайчылаштырып бекитилет; алар шамалдын таасиринен кыймылга келип, кыймыл ок темирдин төмөнкү учундагы эсептөө куралынын жебесине берилет. Айлануу санына жараша шамалдын орточо ылдамдыгы анык-

Файл:АНЕМОМЕТР 92.png
Кол анемометри.

талат. Желдеткич түтүктөр м-н каналдарындагы аба агымынын орточо ылдамдыгын аныктоодо баралуу А. колдонулат.
Ад.: Стернзат М. С. Метеорологические приборы измерения. JL, 1978; Качурин Л. Г. Методы метеорологических измерений. JL, 1985.