АНГЛИЯ-ФРАНЦИЯ-КЫТАЙ СОГУШУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:03, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

экинчи «апийим» согушу (1856–60) –

Англия м-н Франциянын Кытайды көз каранды мамлекетке айландыруу максатын көздөгөн агрессиячыл согуш. Цинь династиясына каршы чыккан тайпиндердин көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Англия 1856-ж. октябрда Гуанчжоу ш-н басып алат. 1857-ж. ага Франция кошулат. 1858-ж. майда англ. ж-а фр. аскерлер Дату портун к
ратып, Тянь-цзинь м-н Пекинге коркунуч туудурат.
Кытай өкмөтү Тяньцзинде Англия-Кытай ж-а
Франция-Кытай (1858) тең укуксуз келишимдерине
кол коюуга мажбур болот. Келишимдер өлкөнүн
аймагында чет өлкөлүктөргө эркин соода ж-а миссионердик ишмердүүлүктү жүргүзүү укугун берүүгө Кытайды милдеттендирген. Бирок, император аларды ратификациялоодон баш тарткан. Ага жооп кылып англичандар м-н француздар 1860-ж. августта Тянь-цзинди, октябрда Пекинди басып алат. Кытай өкмөтү Пекинде Англия-Кытай ж-а Франция-Кытай келишимдерине (1860-ж.) аргасыздан кол коет. Келишимдер мурдагы Тянь-цзинь келишимдеринин шарттарын бекемдеген.