АНГЛИЯ-ФРАНЦИЯ-ИЗРАИЛДИН ЕГИПЕТКЕ АГРЕССИЯСЫ: нускалардын айырмасы
imported>Kerimova-59 No edit summary |
imported>Temirkan No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АНГЛИЯ-ФРАНЦИЯ-ИЗРАИЛДИН ЕГИПЕТКЕ АГРЕССИЯСЫ'''--Египеттин 1956-ж. 26-июлда Суэц каналын улутташтуруусунан улам келип чыккан. Англия ж-а Франция Суэц каналын кайрадан басып алууга, Израиль болсо коңшу араб мамлекеттерин начарлатууга, Египеттин айрым аймактарын каратып алууга умтулган. 1956-ж. 29-октябрда Израиль аскерлери Египет жерине (Синай ж. а.) басып кирген. 31-октябрда Анг-лия м-н Франциянын куралдуу күчтөрү Египетти бомбалап, 5-ноябрда Порт-Саид ш-нын айланасына десант түшүрүлгөн. Эл аралык коомчулуктун, СССР, АКШ өкмөттөрүнүн талабы м-н агрессияны токтотуу, англ., фр., израилдик куралдуу күчтөрдү Египеттен чыгарып кетүү ж-дө БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессияларында (1956-ж., 2-, 7-, 24-ноябрда) атайын резолюциялар кабыл алынган. Агрессорлор согуш аракеттерин токтотууга (1956-ж. 7-ноябрь) ж-а Англия, Франция (22.12. 1956), Израиль (8. 3. 1957) өз аскерлерин Египеттен чыгарып кетүүгө аргасыз болгон. | |||
09:11, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНГЛИЯ-ФРАНЦИЯ-ИЗРАИЛДИН ЕГИПЕТКЕ АГРЕССИЯСЫ--Египеттин 1956-ж. 26-июлда Суэц каналын улутташтуруусунан улам келип чыккан. Англия ж-а Франция Суэц каналын кайрадан басып алууга, Израиль болсо коңшу араб мамлекеттерин начарлатууга, Египеттин айрым аймактарын каратып алууга умтулган. 1956-ж. 29-октябрда Израиль аскерлери Египет жерине (Синай ж. а.) басып кирген. 31-октябрда Анг-лия м-н Франциянын куралдуу күчтөрү Египетти бомбалап, 5-ноябрда Порт-Саид ш-нын айланасына десант түшүрүлгөн. Эл аралык коомчулуктун, СССР, АКШ өкмөттөрүнүн талабы м-н агрессияны токтотуу, англ., фр., израилдик куралдуу күчтөрдү Египеттен чыгарып кетүү ж-дө БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессияларында (1956-ж., 2-, 7-, 24-ноябрда) атайын резолюциялар кабыл алынган. Агрессорлор согуш аракеттерин токтотууга (1956-ж. 7-ноябрь) ж-а Англия, Франция (22.12. 1956), Израиль (8. 3. 1957) өз аскерлерин Египеттен чыгарып кетүүгө аргасыз болгон.