АНГЛЕЗИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
imported>Gulira мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АНГЛЕЗИТ''' [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], | '''АНГЛЕЗИТ''' [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], к о р г о ш у н к у п о р о с у – минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Pb(S0<sub>4</sub>). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу ''Моос шкаласы'' боюнча 2,5–3, тыгыздыгы 6380 ''кг/м³.'' Салыштырма салмагы 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. Англезит – коргошундун негизги кенташы (рудасы). | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
10:25, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
АНГЛЕЗИТ [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], к о р г о ш у н к у п о р о с у – минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Pb(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3, тыгыздыгы 6380 кг/м³. Салыштырма салмагы 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. Англезит – коргошундун негизги кенташы (рудасы).