АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:02, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– байыркы Хорезм

чөлкөмүндөгү соңку коло дооруна (б. з. ч. 9–7
к.) таандык археол. мад-т. 1937-40-ж. КараКалпакстан Респ-нын Амирабад каналынын аймагында эски турак жайларды казуу убагында табылган буюмдардын негизинде аны изилдеген археолог С. П. Толстов А. мад-ты деп өзүнчө бөлгөн. А. мад-тынын калкы уруучулук коомдо жашап, сугат дыйканчылыгы, мал чарбасы м-н кесип кылган А. мад-тына түбү жалпак, капталы көтөрүңкү, жылмаланган карала идиштер, ортосунда чоң коломтосу бар жер үйлөр да мүнөздүү. Якке-Парсан 2 турак жайынан жалбырак формасында колодон жасалган жебенин учтары ж-а аны куя турган калып табылган.