АМАЛЬ НЕФТЬ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
324-432>KadyrM No edit summary |
324-432>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
03:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– нефтинин дүйнөдөгү
эң ири кендеринин бири. Ливиянын түн.-чыгышында, Сахара-Чыгыш Жер Ортолук деңиз
нефть-газ бассейнинде жайгашкан. 1959-ж. ачылып, 1964-жылдан казып алынат. Нефтилүү аймактын аянты 800 км2дей. Нефтинин баштапкы өндүрүп алуу запасы 600 млн т. Нефть Сирт
синеклизасынын чегиндеги ири антиклиналдык
көтөрүлүүгө топтолгон. Ал кембрий-ордовиктин
3020 м тереңдикте жаткан кумдук тоо тек катмары м-н байланышкан. Нефтинин тыгыздыгы 845 кг/м3.