АЛЬФА-АЖЫРОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
324-432>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

00:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– атом ядросунун өзүнөн-өзү

радиоактивдүү ажыроосунда а-бөлүкчөнүн бөлүнүп чыгуусу. Аны төмөнкү схема м-н туюн-
тса болот: (формула сүрөттө)

Файл:АЛЬФА-АЖЫРОО 27.png

мында, X – баштап-
кы радиоактивдүү атом ядросунун символу, У - ажыроодон пайда болгон ядронун символу, Z - ядро зарядын белгилеген индекс, ал ядронун символунун төмөн жагына, ал эми А – атомдук массанын индекси, ядро символунун өйдө жагына жазылат. А.-а-нун механизмы эки этаптан турат: 1) ядронун ичинде эки протон ж-а эки нейтрондун топтолушунан өзүнчө а-бөлүкчөнүн пайда болушу; 2) анын ядродон бөлүнүп, учуп чыгышы. Бул теорияны 1928-ж. Англияда Г. Герни м-н Э. Кондон иштеп чыгышкан. Ядронун өзү а-бөлүкчө ж. б. нуклондор үчүн потенциалдык тоскоол болуп эсептелет. Бирок а-бөлүкчөнүн толкундук касиети күчтүү болгондуктан тоскоолду аралап өтүп, ядродон бөлүнүп чыгат. Элементтердин мезгилдик системасында коргошундан кийин жайгашкан 200дөн ашык а-радиоактивдүү ядролор белгилүү.