АЛЬБАТРОСТОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

19:06, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(Diomedeidae) – куштардын

бороончу сымалдар түркүмүнүн тукуму. Уз. 85- 140 см. Канаттары ичке, учтуу, жазганда 3,6 м- ге, айрымдарыныкы 4,25 жге чейин жетет. Суу

Файл:АЛЬБАТРОСТОР 21.png

толкунунун жардамы м-н же жээктеги жардан абага көтөрүлөт. Каалгып учууга жөндөмдүү. Түш. жарым шар деңизде
ринде, Тынч океандын түндүгүндө 2 уруусу, 13 түрү кездешет. Көпчүлүк учурда топтошуп, океан аралдарында колониялуу уялашат. Көбүнчө түнкүсүн деңиздеги балык, моллюска м-н азыктанышат. Көп түрү кеме артынан учуп, андан түшкөн калдыктар же таштандыларды жеп жүрүп отурушат. Кеч (5-10 жашында) көбөйөт, 1 жумуртка тууйт. Акжон альбатрос – ЖКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.