АЛЫМБАЕВ Жээнбек Байыскулович: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Temirkan No edit summary |
imported>Temirkan м (Temirkan moved page АЛЫМБАЕВ 1 to АЛЫМБАЕВ Жээнбек Байыскулович) |
(Айырма жок)
| |
05:02, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АЛЫМБАЕВ Жээнбек Байыскулович [16. 1. 1961-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Аксы району, Афлатун (Авлетим) айылы] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2010). 1989-жылы Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) тарых факультетин бүткөн. 1989–2002-жылдары ОшМУда окутуучу, улук окутуучу, декандын орун басары, 2002–06-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билим берүү институтунда директордун орун басары, 2006–09-жылдары Социалдык-гуманитардык институтунда кафедра башчысы, 2009–16-жылдары Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүндө доцент, 2016-жылдан профессор. Булак таануу жана тарыхнаама боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектердин автору.