АЛКАК УБАКЫТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ жер бетин меридиандар б-ча 24 алкакка бөлүү аркылуу (15° узундук б-ча) аныкталуучу күн убактысы. Эсептөө батыштан чыгышты карай нөл алкагы ‒ Гринвич меридианынан башталат. Бир алкактын ичинде жаткан бардык жердеги убакыт бирдей деп алынат. Ал коӊшулаш жаткан алкактардан 1 саатка айырмаланат. Айрым алкактардын А. у-нын өз аттары болот; мис., нөл алкагы ‒ батыш европалык (дүйнөлүк), 1-алкак ‒ ортонку европалык, 2-алкак ‒ чыгыш европалык А. у. деп аталат. А. у. алгачкы жолу 1883-ж. АКШда кабыл алынган. Кырг-ндын аймагы 5-алкакта жайгашкандыктан бүткүл дүйнөлүк убакыттан (Лондон ш-нан 5, Москва ш-нан 3 саатка) айырмасы болот; Лондондо, Москвада саат 6 болгондо Бишкекте саат жебеси 11ди ж-а 9ду көрсөтөт.
Файл:АЛКАК УБАКЫТЫ79.png