АЛИМЕНТАРДЫК АНЕМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(Anaemia alimentaris) ‒ малдын кан пайда кылуучу органдарында темирдин жетишсиздигинен улам пайда болгон ылаӊ. Аны м-н көбүнчө жаш мал ылаӊдайт. Бул ылаӊ мал организминде темир жетишпегенде, айрыкча малды караӊгы, булганч, ысык короо-жайларда бакканда пайда болот. Ылаӊдаган төлдүн көзү киртийип, оозу кубарып, демигип, бат чарчайт. Дарылоодо темир, жез, кобальт бар заттар колдонулат. Ылаӊды алдын алуу үчүн белок, витамин, минерал заттары ж-а микроэлементтери мол тоют м-н кошумча тоюттандырылып, короо-жай зоогигиена талабына ылайык болууга тийиш.