АЛИМ ХАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ 1800‒09-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Өзбектин Миӊ династиясынын өкүлү, Нарбото бийдин уулу. А. х-дын энеси кыргыз болгондуктан, апасынын туугандары Момунбек м-н Ырыскулбекти аскер башчы кылып дайындаган. Анын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеӊейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкентти ж-а Чымкентти ээлеген. Кетмент өбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Бийлик үчүн күрөштө козголоӊчулар тарабынан өлтүрүлгөн.