АЛАУДИН ЭГИРИН-ДИОПСИД КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

03:48, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЛАУДИН ЭГИРИН-ДИОПСИД КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарынан 15 км аралыкта. 1982-жылы табылган. Алаудин сайынын башатында. Мореналык катмардын арасында пироксениттин жумуру жана келки таштарында тунук ачык жашыл түстөгү эгирин-диопсид минералдарынын уя сымал топтолуштары кездешет. Алардын туура кесилиш өлчөмү 2‒12 ммден 30 ммге чейин. Эгирин-диопсид зер буюмдарды жасоого жарактуу.