АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Кыргыз Ала-Тоосу нун ортонку бөлүгүнүн түн. капталында. Уз. 50 км, деӊиз деӊг. бийикт. 1000‒4000 м. А. к.

кууш, өтө тереӊ (800‒1000 м). Капчыгайдын баш жагы үч айрыкка бөлүнөт, алар кошулуп, антропоген мезгилиндеги муздук кеӊейткен жайыгыраак (1,5 кмге чейин) төргө өтөт. А. к. улам төмөндөгөн сайын куушурулуп, туурасы 25‒50 мден ашпайт. Капталдары жантык, кээде тик (30‒60°). Чуӊкурчак өрөөнүндө алкымга айланат. Капчыгайдан Аламүдүн суусу агат. Баш жагына шалбаалуу альп ж-а субальп, төмөнкү бөлүгүнө бадалдуу шалбаа ландшафты мүнөздүү. Капчыгайдан минералдуу суу булактары чыгат. Ал жерге эс алуучу ж-а дарылануучу жай курулган. Чүй өрөөнүнө чыга беришинде Аламүдүн

Файл:АЛАМүДүН КАПЧЫГАЙЫ26.png
Аламүдүн капчыгайынын баш жагы.

суу сактагычы курулган. А. к. негизинен жайыт ж-а туристтик жай катары пайдаланылат.