АЛАМЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

, «а л а м о н ч о к» ‒ шырдакка, куракка, саймага ж-а өрмөккө түшкөн көркөм оюмдун ж-а көчөттүн араларын бири-биринен бөлүп, айырмалап туруучу берене-оюм. Анын кийизчиликте ‒ «бычак учу», «араа тиш», «тумарча», «мүйүз», «ит куйрук», «ача оюм», «ийрек»; саймачылыкта ‒ «суу»; куракчылыкта ‒ «көз»; өрмөкчүлүктө ‒ «чычкан изи» ж. б. түрлөрү кездешет. Ал ортолук оюмдагы бир нече табакчаларды курчап, ортолук ж-а жээк оюмунун арасына, жээк оюмунун эки жагына ак-кара, кээде сары-кара түстө түшүрүлөт. Буюмдун түрүнө жараша ызгыт м-н жээктелип, кооздукту арттырат. А. айрым жерлерде «ала мончок» деп да аталат. Ө. Осмонов .