АЛА-МЫШЫК ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 ‒ Ички Теӊир-Тоодогу Нарын кырка тоосунун батыш бөлүгү. Нарын м-н Ат-Башы өрөөндөрүнүн аралыгында. Уз. 35км, туурасы 6‒20 км, басымдуу бийикт. 3000‒3300 м, эӊ бийик жери 3399 м. Негизинен девон, карбон мезгилдеринин акиташ тегинен турат. Рельефи татаал: чыгышты көздөй ичкерип, Нарын кырка тоосуна белбаскак (Шаркыратма суусунун өрөөнү) аркылуу кошулат; борб. бөлүгү бийик, капталдары тик (60°), тектирлүү, коолуу; батышы ичкерип басаӊдап (периклиналь), Жанбулак коктусунан баштап түздүккө чыгып кетет. Тектон. түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Түн. беттериндеги капчыгайларда карагай, бадал, түштүгүндө жарым чөлдүү кургак талаа өсүмдүктөрү, чыгышында ж-а бийик бөлүктөрүндө субальп тулаӊы өсөт. Тоо беттериндеги аска таштарда сүрөт чиймелер, акиташтуу жерлеринде үӊкүрлөр бар. Анын эӊ бийик чокусуна ретрансляциялык телекөрсөтүү станциясы курулган.