АКЫР ЗАМАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
| |
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ адам баласынын ж-а бүткүл ааламдын эӊ соӊку тагдыры тууралуу байыркы доордон бери калыптанган түшүнүк. Мындай түшүнүк байыркы еврейлердин тооратында, христиан дининин инжилинде айтылып, Куранга да киргизилген. Бул түшүнүк б-ча А. з. адилеттик м-н зулумдуктун, жакшы м-н жамандыктын, жарык м-н караӊгылыктын көрүнбөгөн жашыруун күрөшүнөн башталып, жержүзүндөгү ыймансыздык м-н зулумдук ниет күч алат. Ислам дининде А. з. тууралуу ишеним кудайдан коркуу эрежеси м-н байланыш
тырылат. Анда Алла Таала тек кудайдан корко турган адамдарды гана сүйөрү, андай адамдар үрөйдү учурган сурак күнүндө да, кубаныч -сүйүнүч учурунда да, кайгыда да бир кудайга сыйынган, кек сактабай башкалардын күнөөсүн тез кечиришип, жакшылык жасай турган адамдарды гана жактырары айтылат.
Б. Солтонбеков.