АКУСТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
| |
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
— үн ж-а чуу чоӊдуктарын мүнөздөө. Ага үндүн күчү, басымы, катуулугу, тембри, термелүү ылдамдыгы, термелүү жыштыгы ж-а мезгили, басаӊдоо коэфф-и ж-а ургаалдуулугу, о. эле арх-ралык акустикадагы, байланыштагы ж. б-дагы үн өткөргүчтөрдү мүнөздөөчү өлчөөлөр кирет. Үн күчү ‒ үн толкунунун багытына перпендикуляр болгон аянт бирдиги (1 м2) аркылуу өткөн энергиянын санына барабар. Термелүү (толкундун) энергиясы жыштыкка ж-а термелүү амплитудасына көз каранды, б. а. термелүү жыштыгы ж-а амплитудасы канчалык чоӊ болсо, үн күчү да ошончолук чоӊ болот (к. Үн). А. ө. үчүн негизинен электрондук аппараттар, мис., абада үн басымын ченөөдө микрофон , суюктукта (сууда) гидрофон , чууда чуу өлчөгүч колдонулат.