АКРИЛ КИСЛОТАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
180-227>KadyrM
No edit summary
180-227>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 этиленкарбон кислотасы, СН2=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган орг. к‑та. Мол. м. 72,06, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо 1141°С. Сууда, спиртте, эфирде, СНС13тө, бензолдо эрийт. Ал оңой полимерленип, полиакрил к‑тасын пайда кылат. Башка карбон к‑талары сыяктуу эле туздарды, хлорангидриддерди, татаал эфирлер­ди, амиддерди пайда кылат. Этилен сымал ко­шуп алуу реакцияларына кирет. Мис., суутек, галоген, галогендүү суутек молекулаларын оңой эле кошуп алат. А. к. ацетиленди гидрокарбок­силдөөдөн, акролеинди, пропиленди кычкыл­дандыруудан алынат. Полиакрил к‑тасын, ион алмаштыруучу чайырларды, каучуктарды, түр­дүү эфирлерди, басмакана боёкторун, лак алуу­да колдонулат.