АКВАМАРИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
180-227>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(лат. aqua marina – деңиз суусу) минерал, бериллдин бир түрү. Көгүлтүр, көгүшжашыл ж. б. түстөгү тунук кристаллдар түрүндөгү кымбат баалуу асылташ. Өңү Fe2+ Fe3+
кошундууларына байланыштуу. А. узун призмалык кристаллдарды пайда кылып, кээде өтө чоң өлчөмгө ж‑а массага жетет (Бразилияда 110,5 кгдагы табылган). Сапаттуу А. пегматит ж‑а грейзен кендеринен алынат. Көгүлтүр түстөгү А‑ден саргыч жашыл берилл кристаллын алууга болот ж‑а зергерлик буюмдарды боёодо, жасоодо колдонулат. Бразилия, Пакистан, Мадагаскар, Россия (Урал, Забайкалье), Украинада ири кендери бар. Кырг‑нда Талас кыркатоосунда (Күмүштаг) ж. б. жерлерде табылган.