АКАК ТАШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (1 версия) |
180-227>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
а к а к – минерал, халцедондун бир түрү. Хим. формуласы Si02. Өңү кызыл сары, кызгылт сары. Негизинен эффузив тоотектеринин көндөйчөлөрүндө ж‑а жаракаларында болот. Янтарь ж‑а кээ бир тунук асыл таштар да (көбүнчө ак түстөгүлөрү) акак деп аталган. Зергерлик иште колдонулуучу 3‑класстагы кымбат баалуу асыл таш. Кыргыз зергерлери А. Т‑ты шакек, билерик, сөйкө, чолпу, чач учуктарга, ат жабдыктарына да чөгөрүп, «тогуз төбөлөп» же куткундап көркөмдөшкөн, о. эле шуру, седеп топчу да жасашкан. Таза болоттон жасалган, жыгач саптуу «темир ойгуч» м‑н жасалганын үстүн оюп, күмүштү кызыл жалын кылып эритип, данакер (бура) м‑н аралаштырып куюу ыкмасы колдонулат. Азыркы мезгилде кол өнөрчүлөрдүн «Кыял» бирикмесинде да өркүндөгөн технология м‑н А. Т‑ты пайдаланып, кызкелиндердин асем буюмдарын элдин талабына шайкеш жасап жатышат.