АК-ШЫЙРАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ Теӊир-Тоодогу суу, Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы Сары-Жаздын оӊ куймасы. Уз. 98 км, алабынын аянты 2290 км2. Борколдой кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү мөӊгүлөрдөн (Чолок-Капчыгай) башталып, Кайчы суусу кошулганда А. деп аталат. Негизги куймалары: Бикиртик, Коёнду, Боз-Жалпак, Кайчы, Жаӊгарт ж. б. Суу куралуу аянтынын деӊиз деӊг. орт. бийикт. 3800 м. Чаты 2000 м бийикте. Майда кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 13 м3/сек ; байкалган эӊ көп чыгымы ‒ 11 м3/сек , эӊ азы ‒ 0,48 м3/сек. Алабында, жалпы аянты 406,6 км2 келген 243 мөӊгү бар. Боюнда Ак-Шыйрак кыш. жайгашкан.