АК-ТҮЗ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM
No edit summary
 
imported>Kadyrm
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Чүй обл-ндагы Ак-Түз кыш-на жакын жайгаштырылган. Ак-Түз мамл. акционердик коомуна караштуу. Төрт участоктон турат: биринчиси нин аянты 40 миӊ м2 (1942‒55-ж. иштеген), экинчисиники 130 миӊ м2 (1971‒94-ж.), үчүнчүсүнүкү 30 миӊ м2 (1965‒94-ж.), төртүнчүсүнүкү 158 миӊ м2 (1978‒93-ж.). Төртүнчүсүнөн башкалары консервацияланган. Буларда Ак-Түз сейрек металлдар ж-а Борду полиметалл кендеринин рудасын иштетип, пайдалуу металлдарды бөлүп алгандан кийин калган, курамында коргошун, цинк, жез, торий ж. б., сейрек кездешүү чү металлдар, о. эле айрым минерал түрлөрү (хлорит, серицит, цитролит, циркон ж. б.) бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү 25‒40 мкр/с. Азыр тынч абалда (табигый ж-а антропогендик кийлигишүүсүз), экол. жактан коркунуч туудурбайт. Бирок, 1998-ж. жазында төртүнчү участоктун дамбасы нан суу ашкандыгы байкалган. Ошондуктан көзөмөл жүргүзүп туруу зарыл.

Ад.: Геоэкологическая безопасность и риск природно -техногенных катастроф на территории Кыргызстана. Б., 1999.