АК-СУУ Лейлек районундагы суу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>)
imported>Dilde
(Айырма жок)

07:33, 12 Январь (Үчтүн айы) 2023 -деги абалы

АК-СУУ ‒ Лейлек р-нундагы суу, Сыр-Дарыянын сол куймасы. Уз. 93 км, алабынын аянты 1170 км2. Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы Ай-Көлгө жакын жерден башталып, адегенде тереӊ жана кууш капчыгай аркылуу түш.-батышты карай агып, андан кийин түндүктү көздөй бурулуп, Фергана өрөөнүнө чыгат. Жогорку агымы Зардалы деп аталат. Ири куймалары: Сумбула, Дакат-Суу ж. б. Майда кирип, июлда ташкындайт да, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 3,81 м3/сек; эӊ көбү ‒ 13,6 м3/сек, эӊ азы ‒ 1,17 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Андарак кыш., Нау ш. (Тажикстан) жайгашкан.